Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Орусия Крым менен Абхазияда аскердик машыгууларын баштады


Кара деңиз аймагы картада.
Кара деңиз аймагы картада.

Орусия президенттик шайлоону өткөрүп алаары менен эле аннексияланган Крымда жана Грузиядан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган Абхазия менен Түштүк Осетияда ири аскердик машыгууларды баштады.

Маалымат агенттиктери жазгандай, машыгууларга болжол менен сегиз миңдей аскер тартылган.

2014-жылы Крым жарым аралын басып алган соң Орусия ал жактагы өзүнүн аскердик турумун бекемдөө максатында бир нече жолу аскердик машыгууларды өткөргөн.

Москва 2008-жылкы кыска согуштан кийин Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таанып, эки аймакта тең миңдеген аскерлерин жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG