Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Рахмон интеллигенция өкүлдөрүн тажик тилин коргоого чакырды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик интеллигенциясы менен жолугушууда. 19-март, 2018-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик интеллигенциясы менен жолугушууда. 19-март, 2018-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 19-мартта Дүйшөмбү шаарында интеллигенция өкүлдөрү менен жолугуп жатып, аларды улуттук кызыкчылыктарды коргоого, калк арасында улуттук баалуулуктарды жигердүү жайылтууга чакырды.

Президент ошондой эле тажик тилин сыйлоо интеллигенциянын эң биринчи максаты болушу керек экенин кошумчалады.

- Биз тажик тилин, тажик маданиятын, тажик адабиятын Тажикстандын өзүн жакшы көргөндөй эле жакшы көрүшүбүз керек, - деди Рахмон Улуттук китепканада өткөн жыйында.

Нооруздун алдындагы салтка айланган интеллегинция өкүлдөрү менен жолугушууга илим, маданият өкүлдөрү жана мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери катышты.

Эксперттердин айтымында, Рахмондун тил боюнча бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө кийинки убакта күчөгөн талкууларга жооп катары айтылды. Ал жакта айрымдар тажик тилин "перс тили" деп атоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG