Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Трамп Ноорузга байланыштуу куттуктоосунда Иранды сынга алды


АКШнын президенти Доналд Трамп. Манчестер, 19-март, 2018-жыл.
АКШнын президенти Доналд Трамп. Манчестер, 19-март, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Иран элине жана башка Нооруз майрамын белгилеген калктарга жолдогон куттуктоосунда Ирандын өкмөтүн жана таасирдүү Ислам ыңклабынын сакчылар корпусун кескин сынга алды.

- Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон элди жазды чакырган, Улустун улуу күну Нооруз менен куттуктайм, - деди Трамп 19-марттагы кайрылуусунда.

АКШ президенти Иран эли "калкынын кызыкчылыгын ойлобостон өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон жетекчилердин" башкаруусунда экенин кошумчалады.

Өз куттуктоосунда Трамп Ислам ыңклабынын сакчылар корпусун "чет жактагы террорчулукка демөөрчү болуш үчүн өз элин тоноп, аларга катаал мамиле кылган душман армиясы" деп атаган.

Президент бул корпус Сириянын бийлигин, ошондой эле Сириядагы, Ирактагы жана Йемендеги шиит топторун каржылоого 16 миллиард доллар сарптаганын билдирди.

Трамп Ислам ыңклабынын сакчылар корпусун "ирандыктарды жакырчылыкка жеткирди, өлкөдөгү экологиялык кырдаалды начарлатты жана Ирандагы адам укуктарын басмырлады" деп да айыптады.

Трамптын быйылкы куттуктоосу былтыркыдан кескин айырмаланды. Былтыр анда саясат тууралуу сөз болгон эмес.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти 19-мартта тараткан куттуктоосунда ирандыктарды быйыл жыл башында өкмөткө каршы нааразылык акциялары чыгышканы үчүн мактаган.

«Кошмо Штаттар өз оюн эркин билдирүүнү көздөгөндөрдү колдойт », - деди мамлекттик катчынын орун басары Жонн Салливан.

Ал ошондой эле бул майрамды белгилеген АКШдагы бардык жамааттарды, Ооганстан, Азербайжан, Кытай, Грузия, Индия, Иран, Ирак, Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Орусия, Сирия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан элдерин да куттуктай турганын билдирди.

Нооруз - Ирандагы эң чоң майрамдардын бири. Бул майрам бир катар мусулман өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленет.

XS
SM
MD
LG