Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Орусия: Кулчулуктан куткарылган кыргызстандыктарга жардам берилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Рязань шаарында кулчулуктан куткарылган кыргызстандык кыз-келиндердин айлык маянасын алып берүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда:

- Кыздар арызга айлык акысын, моралдык жана материалдык чыгым үчүн кенемте төлөп берүүсүн талап кылып жазышкан. Миграция кызматына өздөрүнүн абалы тууралуу тааныштары аркылуу видео жиберишкен. Азыр алар туугандарынын, жакындарынын жанында. Жардамга муктаждары жок, баары тарап кетишти.

Рязанда тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 кыз-келин куткарылганы кечээ маалым болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Фирманын ээси орус жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык экен. Тигүүчүлөрдүн көбү Вьетнамдан келиптир. Андан тышкары, Борбор Азиядан баргандар” деп айткан.

Фирма жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.

Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан барышкан. Алар 39 жаштагы жарандын ортомчулугу менен Бишкектен Орусияга кетишкен. Учурда ошол жакта көрсөтмө берип жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG