Кошмо Штаттардын Остин шаарында ушул айда болгон жардыруулардын сыры ачыла элек.
Жекшембинин түнүндөгү төртүнчү жана азырынча акыркы жарылуудан эки жигит жарадар болгон. Техас полициясы жардыруу “жерге ташталган зым” аркылуу ишке ашканын, буга чейинкилерден айырмаланарын билдирди.
Мурдагы үчөөндө босогого ташталган, почтадан келген буюмдар колго алганда жарылган. Алардан эки киши өлүп, төртөө жарадар болгон. Полиция жардыруулар бири-бирине байланыштуу болушу ыктымал экенин болжолдоп жатат.
Бирок азырынча ага эмне түрткү бергени, ким уюштурганы белгисиз. 500дөн ашуун федералдык агент иликтөөгө тартылып, шектүү тууралуу кабар бергендерге 100 миң доллар сыйлык убада кылынды.
Остиндин бийлиги элди күмөндүү нерселерге жолобоого, үйдөн көп чыкпоого чакырууда.