Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Экс-депутат Осмоналиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды


Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 21-мартта УКМКга сурак берип чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Экс-депутат жана мурдагы министр өзүн камап коюшу ыктымал экенин да жазган. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген мурдагы депутат мындай божомолунун себебин айткан жок. Ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып бергенин белгиледи.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев үч жыл мурда жабылган өзүнө каршы кылмыш иши кайра ачылганын "Азаттыкка" билдирген.

Ал Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматына чакырылганын, ал жактан кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу 23-январда кайра ачылганын айтышканын белгилеген. Ал муну бийликтин дарегине айткан сындары менен байланыштырган.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишинин козголушу тууралуу азырынча Коррупцияга каршы кызматтан маалымат алуу мүмкүн боло элек.

2014-жылы аталган кызмат Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгогонун, абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан.

XS
SM
MD
LG