Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:37

Жөлөкпулга байланыштуу мыйзам сотто каралат


Жайлоодогу бала бакчалардын бири. Архивдик сүрөт.

Бүгүн Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөкпулга байланыштуу жарандык активист жана адвокат Нурбек Токтакуновдун арызын карайт. Активист мыйзам кабыл алып, кайра анын аткарылышын үч айга жылдыруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылуу менен элдин укугу жана мыйзам бузулуп жатканын жүйө келтирип, өкмөттү сотко берген.

- Бизде Конституцияда жазылган - айрыкча элге тиешелүү чечим эл менен талкууланышы керек. Бийлик талкуулабайт, эл да аны талап кылбайт. Окуя бүткөндөн кийин гана көчөгө чыгып, кыйкыра баштайт. Талашып-тартышып кабыл алынган чечимдин аткарылышы да жеңил болот.

Токтакуновдун айтымында, буга чейин район аралык сот бул ишке анын тиешеси жок деген негизде ишти кароодон баш тарткан.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Бул айда өкмөт “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Мыйзам колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Бирок сүйүнчү төлөнө берет.

Жогорку Кеңеш 7-мартта “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоорду кароодон баш тарткан. Бирок айрым депутаттар "мыйзам чийки жана коомдук талкуудан, комитеттерден өткөн эмес" деп сындап чыгышкан болчу. Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибине киргизилген эмес. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG