Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

"Каравандагы" соодагерлер анын сатылышына каршы болууда


"Караван" борборунда иштегендердин өкүлдөрү.
"Караван" борборунда иштегендердин өкүлдөрү.

Бишкектеги "Караван" соода борборунда орунду ижарага алып сатуучу болуп иштегендер анын имараты сатыкка коюлуп жатканын айтып, нааразылык билдирип чыгышты.

Бүгүн алардын өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, ай сайын 5,5 миллион сомду ижара акы катары, 1 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке салык катары төлөп жүргөнүн айтышты.

Ижарачы Мунира Будайчиева:

- Күндө күмүш жылтырайт болуп жатат. Мамлекетке миллиондогон киреше түшүп жатканда эмне үчүн аны менчик бирөө алат?

Соода борборунда 260 ижарага берилүүчү жай бар. Анда бир миңдей адам эмгектенет.

Мурдагы депутат Нариман Түлеевге таандык болуп, кийин мамлекетке алынган “Караван” менчиктештирилерин 18-мартта "Азаттыкка" Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашкан. Ал менчиктештирилчү объекттердин тизмесине киргизилгени, ошого ылайык мыйзамдын негизинде сатыкка чыгарылары айтылган.

Соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына былтыр өткөрүлгөн. Буга Нариман Түлеев коррупциялык иштерге күнөөлүү деп табылган соң сот ага жана жакындарына таандык бир нече имаратты мамлекеттин карамагына чегерүү боюнча сот чечими негиз болгон. Бирок Түлеев аталган объекттер мамлекетке мыйзам бузуу менен алынганын айтып келет.

Бул соода борбордон башка да Түлеевге таандык деген Sapat Center бизнес-борбору жана бир нече батир мамлекетке алынган.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. (KR)

XS
SM
MD
LG