Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Санкт-Петербургда Исхак Раззаковго арналган эл аралык конференция өтүүдө


Исхак Раззаков солдон оңго үчүнчү.
Исхак Раззаков солдон оңго үчүнчү.

Санкт-Петербургда бүгүн кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковго арналган эки күндүк эл аралык илимий конференция ачылды. Аны КМШ мамлекеттеринин Парламент аралык ассамблеясы уюштурду.

Конференцияга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев, Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев баштаган расмий делегация катышууда.

Анда Раззаковдун Кыргызстандын 1950-1960-жылдардагы өнөр жайынын өнүгүшүнө, айыл чарбасы, маданият, илим, билим тармактарына кошкон салымы, өлкөнүн жаңы тарыхындагы ролу тууралуу баяндамалар окулуп, талкууланат.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Ош облусунун Лейлек районунда төрөлгөн. 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.

1961-жылдын 9-майында “улутчулдук саясат жүргүздү” деп күнөөлөнүп, кызматынан алынган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. Кийин 2002-жылы сөөгү Кыргызстанга кайтарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Бишкекте Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуун экспонат жайгашкан, алардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.

XS
SM
MD
LG