Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:13

Саркози өзүнө тагылган айыптарды "ушак" деди


Франциянын президенти Николя Саркози менен Ливиянын лидери Муаммар Каддафи Парижде. 10-декабрь, 2007-жыл.

Франциянын экс-президенти "шайлоо өнөктүгүнө Ливиянын мурдагы диктатору, маркум Муаммар Каддафиден миллиондогон евро алган" деген дооматтарды “ушак” деп четке кагууда.

“Мен эч кандай колго кармаган далили жок эле айыпталуудамын” деген Саркозинин тергөөчүлөргө берген көрсөтмөсүн "Le Figaro" гезити 22-марттагы санына чыгарды.

Саркози өз билдирүүсүндө 2011-жылдан бери “ушактын тозогунда” жашап келатканын айтып, айыптоолорду калпка чыгарган. Азырынча экс-президенттин жакын адамдары ал билдирүүнүн чын-төгүнүн ырастай элек.

Эки күн суракка тартылгандан кийин Саркозиге 2007-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүндө Ливиядан акча алганы тууралуу биринчи айыбы угузулган.

Тергөөчүлөр Каддафинин өкмөтү Саркозиге 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө "жашыруун түрдө жалпысынан 50 миллион евро (62 миллион доллар) берген" деген ишти иликтеп жатышат.

XS
SM
MD
LG