Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 18:15

Кремл Путин менен Трамптын жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди


Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков, 18.03.2018

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин өз мамлекеттеринин тышкы иштер мекемелеринин башчыларына эки тараптуу саммит өткөрүүгө даярдыкты баштоону тапшырды.

Бул тууралуу бейшембиде Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди. “Кечээ президенттер тышкы иштер министри менен мамлекеттик катчыга мындай саммиттин качан, кайда болорун талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды”, – деди Песков 22-мартта өткөн маалымат жыйында.

Кремлдин өкүлү ошол эле маалда Орусия – АКШ мамилесиндеги кандайдыр бир алга жылуу жөнүндө айтууга эртелик кыларын кошумчалады. “Биринчи жок дегенде диалог түзүшүбүз керек, алакалардын өркүндөшү тууралуу айтуу али эрте” – деген Песков.

20-мартта Трамптын Путинди шайлоодогу жеңиши менен телефондон куттуктаганын бир катар америкалык мыйзам чыгаруучулар сындаган.

Эки чоң державанын мамилеси “Кансыз согуш” маалынан бери азыркыдай солгундаган эмес.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG