Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Ооганстанда “Түндүктүн ханы” бийликтен кетти


Атта Махоммади Нур, 22.01.2018
Атта Махоммади Нур, 22.01.2018

Ооганстандын Балх провинциясынын таасирдүү губернатору Атта Мухаммад Нур кызматтан кетүүгө макул болду. Ал бир нече ай бою президент Ашраф Ганинин кызматтан алуу аракетине баш ийбей жүргөн. 22-мартта чогулган колдоочуларынын алдына чыгып “талаптары аткарылгандан кийин” кызматтан кетүүгө макул болгонун билдирди.

“Бүгүн кош айтыштым, бирок мен бул жерде өз элим менен болом” деди Нур Мазари-Шариф шаарындагы митингде чогулгандарга кайрылып.

“Шайлоо баштаган чоң саясий оюндар алдыда, биз болсо анда башкы оюнчулардын бирибиз” деп кошумчалады мурдагы губернатор.

Нур этностук тажиктер түзгөн “Жамат-и-Ислами” саясий партиясынын лидери. Эми парламенттин мүчөсү Мухаммад Исхак Рахгозар губернатордун кызматына келет.

Маалымат агенттиктер кабарлагандай, губернатор менен президенттин макулдашуусуна ылайык, Нур провинциянын полиция башчысын, улуттук өкмөттөгү жаңы билим берүү министрин жана Казакстандагы ооган элчисин тандайт.

Президент Гани менен Нурдун ортосундагы тынчтык макулдашуусу “Түндүктүн ханы” атыккан губернатор жана Кабул өкмөтү үчүн туңгуюктан чыгуунун жолу болду.

Былтыр 18-декабрда ооган президентинин кеңсеси Нурдун кызматтан четтетилгенин жарыялаган. Нур болсо Гани ортодогу макулдашууну бузду деп, кызматтан кетпей турганын билдирген.

Нур Ооганстандагы таасирдүү аймактык жана этностук лидерлердин бири. Гани 2014-жылы бийликке келгенден бери аны менен тирешип жүргөн.

XS
SM
MD
LG