Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Сирия оппозиция топторунун бири Чыгыш Гутадан чыгып кетти


Сирия оппозиция топторунун бири Чыгыш Гутадан чыгып кетти жана аймактын бир бөлүгүн бийликтин армиясына тапшырды.

Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Чыгыш Гутадан жалпысынан 30дай автобус чыккан. Сириялык ЖМКлардын маалыматына караганда, анда 1,5 миңдей киши болгон. Алардын 400дөйү "Ахрар аш-Шам" тобунун согушкерлери.

Жалпысынан 1,5 миңдей козголоңчу жана алардын алты миңдей үй-бүлөсү Чыгыш Гутадан чыгып кетүүнү пландап жатышат. Аларды өкмөттүн автобустары менен Идлиб провинциясына көчүрүү болжолдонууда.

Акыркы жумаларда өкмөттүк күчтөр 2012-жылдан бери куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган Чыгыш Гутага чабуул коюуда. Сириянын адам укуктарына көз салуу борборунун маалыматы боюнча, Асаддын аскерлери андагы каршылаштарын сүрүп чыгарып, аймактын 80 пайызын ээледи. Акыркы айларда бул аймакта миңден ашуун жайкын тургун каза болду.

XS
SM
MD
LG