Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Ниязов: Кытай Компартиясынын жардамын КСДП эмес, парламент алыптыр


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна Кытайдын Компартиясынын техникалык жардамы КСДПга эмес, Жогорку Кеңешке берилгенин билдирди:

- Мен силер чалгандан кийин эмне үчүн баланста жоктугун тактадым. Көрсө, катчылык экен. Алар баары "алдык, алдык" дешкен. Биз да алганбыз деп эсептегенбиз. Жардам Жогорку Кеңештин алкагында алынган, ошого ал биздин баланста жок. Жардамды парламент, анын ичинде КСДП фракциясы алыптыр.

Фарид Ниязов буга чейин "Азаттыктын" чет мамлекеттик партиялардан жардам алуу Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамына каршы келбейби деген суроосуна жооп берип жатып, Кытайдын Компартиясы КСДПга техникалык жардам бергенин, бирок ал партиянын балансына өткөрүлө электигин билдирген. "Техникалык жардам. Былтыр күзүндө келген. Аны баланска кое элекпиз. Азырынча колдоно элекпиз" деп айткан.

Кытай Компартиясы КСДПга 1 миллион сом жардам бергенин аталган партиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасына катышкан учурда маалымдаган.

Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамына ылайык саясий партиялардын иши чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына тыюу салынат. (NT)

XS
SM
MD
LG