"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен абакта отурган оппозициялык саясатчы Бектур Асанов 20-мартта Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров менен баш прокурор Индира Жолдубаеванын дарегине ачык кат жолдоду.
Бул тууралуу Асановдун туугандары "Азаттык" радиосуна билдиришти. Бектур Асановдун катын жарандык активисттер интернеттеги социалдык тармактарга да жарыялады. Анда саясатчы "27-февралда №27 абакка которулгам жана бул жайда №5 отрядга бөлүнгөм. Бирок ушул күнгө чейин өз отрядыма кошпой, жалгыз кармап келүүдө. Ушул жагдайдын мыйзамдуулугу боюнча мага расмий жооп берүүңүздү күтөм", - деп жазган.
Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, кылмыш ишин козгогон УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" баштаган. Саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу саясатчылар 22-февралда ачкачылыкты токтоткон. (NT)