Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:47

Саясий ачкачылыктын таасири азайды


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов.

Соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагы саясатчылар Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду №47 колониядан башка абак жайга которду.

Камактагы саясатчылар 30-январда башталып, кыйла узакка созулган ачкачылык акциясын 22-февралда токтотушкан. Жарандык коом жана укук коргоочулар "камактагы саясатчылардын нааразылык акциясын көрмөксөнгө салды" деп, бийлик буга реакция кылбаганын сынга алышты.

Адвокат: бийлик көңүлгө албасын билгем

Узак убакытка созулган ачкачылыктан кийин Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков акцияны токтотушканы тууралуу билдирүүнү 47-колониянын жетекчисине 22-февралда расмий тапшырышкан.

Камактагы саясатчылардын адвокаты Данияр Мамановдун пикиринде, алардын ачкачылыгына бийлик маани бербей турганы башынан күтүлгөн эле көрүнүш болчу.

- Мен ачкачылыктан эч кандай майнап болбой турганын үчөөнө тең айткам. "Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кастык кылбагыла, силерге баш ийип бири да басып келбейт" дегем. Негизинен ачкачылык кармоо деген айла түгөнгөндөгү иш. Адам үнүн бийликке жеткире албай калганда ушундай кадамга барат. Демек бийлик да бир сыйра булардан кабар алып, өз жарандарынын абалын сурашы керек. Бирок бул саясий иш болгондон кийин башынан эле бийлик көрмөксөнгө салаарын билгем.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу борбору "камакта ачкачылык кармаган саясатчылардан бийлик кабар албай койду" дегенге кошулбайт. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов үч саясатчы тамактан баш тарткан күндөн баштап УКМКнын тергөө абагынан №47 абакка которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун, алардын абалынан айрым депутаттар барып кабар алып жатканын эске салды.

- Алар өз эрки менен ачкачылык жарыялап, талаптарын коюшту, бул кыйноонун түрүнө кирбейт. Экинчиден, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бийликтин органы болгондуктан алар дары-дармегин берип, ден соолугуна көзөмөл кылып жатты. Ачка отурган адамдарга дагы кандай көңүл бурушу керек? Эгерде "алар ачка отурат" деп талаптарын бийлик аткара берсе, анда он миңден ашык адам түрмөдө жүрөт - баары ачкачылык жарыялап, талаптарын аткарта баштабайбы? Анда бул кош стандарттуулук болуп калып жатпайбы.

Ачкачылык - укукту коргоонун айласыз чарасы

Бектур Асанов 2000-жылы парламенттин үчүнчү чакырылышынын депутаты, андан соң кыргыз өкмөтүндө мүчө, 2010-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болгонун, коомдук жана саясый чөйрөдө өз изи бар экенин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун белгиледи.

Ал мындай иш таржымалы бар адам ачкачылык жарыялаганда, бийлик өз өкүлдөрүн абактагылардан кабар алууга жибергени ашыкча болбойт эле деген ойдо. Мурдагы акыйкатчы демократиялуу өлкөлөрдө ачкачылык акциясы бийликке оор тийген көрүнүш болсо, Кыргызстандын бийлиги акциянын бул түрүн ашкере каралап салганына токтолду.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

- Алардын күнөөсү барбы же жокпу - ал башка маселе. Камактагы саясатчылар бийликке кайрылуу жасап жаткандан кийин унчукпай жатып алган болбойт. Аларды түрмөдө жаткан башка адамдар менен бирдей карап койгон туура эмес. Албетте, иш эми саясатташып кетпедиби, алардын күнөөсү толук далилденди деп айта албайм. Ошондуктан булар ачкачылык жарыялаганга моралдык акысы бар экенин билип, бийликке кайрылуунун акыркы рычагын колдонушту. Мындайларды бийлик көз жаздымда калтырганы өтө өкүнүчтүү.

Ошол эле учурда Турсунбек Акун ачкачылык жарыялаган үч саясатчы башынан талапты туура эмес койгонун айтууда. Алар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылгандан мурун, "акыйкат жана ачык сот үчүн" ачкачылык жарыяласа натыйжалуу болмок деп эсептейт.

Дагы бир укук коргоочу Рита Карасартова үч саясатчынын соттук иши баштан-аяк жабык өткөндүктөн коомчулукка акциянын эмоциясы жетпей калды деген ойдо. Ал ачкачылык акциясы жарандар үчүн өз укугун коргоонун акыркы куралы экендигине карабай, кыргыз бийлиги акциянын бул түрүн “коркутуу" жана "догурунуу” катары кабыл аларына кошулат.

Сот өкүмү күчүнө кирди

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камакка алынган үч саясатчы "саясий негизде иш козгоду" деп УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып 30-январдан тартып узак мөөнөттүү жана "кургак" ачкачылык жарыялап, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 22-февралда акцияны токтотушкан.

Андан кийин Жаза аткаруу мамлекеттик башкармалыгы сот өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу №47 колонияда отурган Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду башка түрмөлөргө жайгаштыруу максатында №1 тергөө абагына которду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдирди:

- Шаардык соттун чечиминен кийин өкүм толук күчүнө кирди деп эсептелет. Натыйжада алар жаза мөөнөтүн өтөй баштады. Карыбеков №8 колонияга которулушу мүмкүн. Ал эми Бектур Асанов да Кадыров сыяктуу №27 колонияга барып калышы мүмкүн.

Никсдорф Кубанычбек Кадыров Молдовановкадагы №27 колонияга которулгандыгы тууралуу буга чейин тараган маалыматты тастыктады.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга түрмөгө кескен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG