"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев саламаттыгына байланыштуу ооруканага жатышы керек экенин бул партиянын юристи Канатбек Азиз "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, адвокаттар жана Текебаев Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинен ооруканада жатып дарыланууга уруксат берүүнү суранган, бирок ал өтүнүчкө көңүл бурулбай жатат.
- Венага кетерден мурун Текебаев жүрөгү ооруп, ооруканага жатып чыкканын баары билет. Азыр таза абага чыкпай атат. "Кычкылтектин жетишсиздиги" деп коет. Эч жакка чыгарылбай, ден соолугу кыйын болуп турат. Биз аны ооруканага жаткырууну суранганбыз. Бирок ар кандай сөздөр тарап атат. "Чет өлкөгө чыкканга макулдук бериши мүмкүн, бирок бул жакка жатууга уруксат берилбейт" дегендей кылып атышыптыр. Текебаев болсо чет элге чыгып дарыланууну сураган жок, Кыргызстанда эле ооруканага жатып дарыланууга уруксат берилсе деп жатат. Текебаевди кандай максатта сыртка чыгаргысы келишпегени түшүнүксүз.
Жаза аткаруу мамлекеттик кзматы "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин маалыматына комментарий бере элек.
Буга чейин Айгүл Текебаева да жолдошунун саламаттыгынан кооптонуп жатканын "Азаттыкка" билдирген. Ал Өмүрбек Текебаев дарыгерлер бир жыл мурда жазып берген дарыларды ичип келатканын, анын артериялык кан басымы улам көтөрүлүп жатканын айткан.
“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Алардын соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган арыздары канааттандырылган эмес. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн "саясий куугунтук" катары баалап жүрүшөт.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (NT)