Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:39

Евробиримдик Британияга тилектеш болуп, Орусияга чара көрөт


Евробиримдиктин желеги.

Еврошаркеттин лидерлери Солсберидеги кол салуу үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлөт деген “мүмкүнчүлүк өтө жогору” экенин билдирген Британия өкмөтү менен макул болуп, Москвадагы өкүлүн чакыртып алууну чечишти.

Брюсселдеги саммитте жетекчилер түн ортосуна чейин сүйлөшүү жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишти. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй экс-тыңчы Сергей Скрипал менен кызы Юлияга 4-мартта кол салуу “Орусиянын Европага каршы уланып жаткан агрессиясынын үлгүсү” экенин айткан. Москва ал окуяга эч кандай тиешеси жоктугун билдирип келатат.

Евробиримдик Орусияга каршы дагы чара көрүлөөрүн эскертти. Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рутте Британияга тилектештик иретинде өлкөнүн Москвадагы элчиси кеңешүү үчүн бир айга чакыртылаарын билдирди.

Литванын президенти Далия Грибаускайте орусиялык тыңчыларды чыгарууга даяр экенин айтты.

Британия жуманын башында орусиялык 23 дипломатты чыгарды жана Москва менен жогорку деңгээлдеги алакаларды токтотуп койду. Орусия да британиялык 23 дипломатты кетирээрин билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG