Кыргызстанда 24-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Суусамырда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13
Бийик тоолордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…5 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 24-мартта күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 17…19 градус жылуу болот.