Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:27

Ооганстанда спорт стадионундагы жардыруудан 12 киши набыт кетти


Ооганстан.

Ооганстандын Гилменд чөлкөмүнүн борбор шаары Лашкаргахтагы стадиондун кире беришинде дүрмөттөлгөн машине жарылып, кеминде 12 киши мерт болду, ондогону жараланды. Кол салуу эл күрөш боюнча таймаштан чыгып бараткан учурда болгон. Провинция губернаторунун маалымат катчысы жанкечти машинесин элге карай айдап барып жардырганын билдирди. Мелдеш жергиликтүү балбандар ортосунда болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG