Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Британиялык 23 дипломат Орусиядан чыгып кетти


Британиянын Орусиядагы элчилигинин имараты.
Британиянын Орусиядагы элчилигинин имараты.

Орусияда иштеп жүргөн 23 британиялык дипломат Москвадан чыгып кетти. Бул тууралуу Британиянын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Орусия муну менен Британияда мурдагы орус чалгынчысынын ууланышына байланыштуу чыккан чуудан улам Лондонго жооп кайтарды.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануу белгилери менен ооруканага жеткирилген. Экөөнүн тең абалы жакшыра элек.

Бул окуя боюнча Москваны айыптаган британ өкмөтү 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. Орусия бул айыпты четке каккан. Британиянын бул кадамына жооп кылып, бир апта ичинде 23 британ дипломатын өлкөдөн чыгарарын билдирген.

XS
SM
MD
LG