Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Жалал-Абадда элдик кеңештин жыйыны ызы-чуу менен коштолду


Жалал-Абад шаарындагы жыйын. 24-март, 2018-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы жыйын. 24-март, 2018-жыл.

Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында туруктуу элдик кеңештин бүгүнкүгө белгиленген жыйыны башталбай жатып ызы-чуу менен коштолду.

Жыйынды уюштуруучулардын бири Кадыр Кошалиев жергиликтүү бийлик жыйынды өткөрүүгө бут тосуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жыйынды алгач шаардын борбордук аянтында өткөрүү тууралуу бийлик менен макулдашуу болгон:

- Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин суранычы менен биз жыйынды Барпы театрында уюштурмак болгонбуз. Бирок жергиликтүү күч органдары аны өткөрүүгө бут тосуп, уюштуруу иштерине тоскоолдуктар болду. Бүгүн болсо шаардык мэрия келген элди бөлүп, "чай беребиз" деп башка жакка алып кетип жатат, - деди Кошалиев.

Бүгүн Барпы атындагы театр алдында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов менен жыйындын уюштуруучулары кайым айтышты.

Авазов "Азаттык" радиосуна жыйын өткөрүүгө "мэр бут тосуп жатат" деген маалыматтарды четке какты.

Учурда туруктуу элдик кеңеш кырктай адамдын катышуусунда Барпы атындагы театрда жыйын курууда. Анда 24-март ыңкылабынын сабактары жана апрель айында республикалык курултай өткөрүү маселеси талкууланары кабарланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG