Казакстандын Костанай облусундагы колонияда 20-мартта төрт адам каза тапты. Расмий версия боюнча алар органикалык эриткичтен ууланганын Tengrinews.kz сайты Казакстандын Кылмыш жана жаза аткаруу комитетине шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 20-марттын кечинде соттолгондор колониянын өндүрүш зонасында иштеп жаткан кезде курамында спирти бар химиялык затты ичип, ууланышкан.
Баары "Тез жардам" менен жакын жердеги Ауликол райондук ооруканасына жеткирилген. Төртөө ооруканада каза тапкан. Азыр дагы төрт киши бейтапканада жатканы, үчөөнүн абалы оор экени кабарланды.
Соттолгондордун өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат.