Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багында ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Жээнбеков Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактарды кыюу себептерин, жолдорду кеңейтүү же объекттерди куруу максатындабы, баарын шаар тургундарына алдын ала түшүндүрүү керектигин белгиледи.
- Ар кандай сөздөр чыгышына жол бербөө үчүн элге туура маалымат жеткирип тургула. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча пландуу жумушту улантуу зарыл. Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек, - деди ал.
Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна өткөн жылы жети, быйыл он беш көчөт отургузулганын маалымдады. (NT)