Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Волоколамск шаарында таштанды талаасына каршы акция уюштурулду

Волоколамск шаарындагы таштанды талаасын жабууну талап кылган акциялардын бири. Март, 2018-жыл.
Волоколамск шаарындагы таштанды талаасын жабууну талап кылган акциялардын бири. Март, 2018-жыл.

Орусиянын Волоколамск шаарынын тургундары таштанды талаасын жабуу талабы менен бүгүн да акция уюштурду.

21-мартта 30дан ашык окуучу уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын ата-энелери жана дарыгерлер ууланууну "Ядрово" деп аталган таштанды чогултулган жайда күкүрттүү суутек абага жайылып кеткени менен байланыштырган.

Кечээ Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Волоколамск районунун башчысы Евгений Гавриловду кызматтан кетирди.

​Волоколамсктын жашоочулары менен жолугушууда Гаврилов ууланган балдардын ата-энелери менен айтыша кеткен.

XS
SM
MD
LG