Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 17:33

Украинада "мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан" деген шек менен кармалган депутат, мурдагы учкуч Надежда Савченко 20-майга чейин камакта болот. Киевдин Шевченко райондук сотунун 23-марттагы чечимине ылайык, Савченкого күрөө коюу мүмкүнчүлүгү берилген жок.

23-мартта Савченко өзүнүн кармалышына жана тагылган айыптарга нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган.

- Мени камакка алуу тууралуу саясий чечим кабыл алынды. Эгер мен түрмөдө кала турган болсом, Украина элине баатыр кандай болорун дагы бир ирет далилдейм. Бүгүнтөн тартып ачкачылык кармайм, - деп айтты Савченко кечээ сот залында.

Ал мурда Орусияда түрмөдө жүргөндө 82 күн ачкачылык кармаган. Анын алты күнү кургак ачкачылык.

16-мартта Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Савченкону "парламентте теракт кылууга даярданган" деп айыптап, депутаттык кол тийбестиктен ажыратып, камакка алууга уруксат берүүнү Жогорку Рададан өтүнгөн.

Жогорку Рада 22-мартта аны камакка алууга уруксат берген.

Савченко болсо депутаттардын алдында көрсөтүлгөн далилдерди “саясий чагым” жана “сюрреализм” деп атап, муну менен тек гана бийликти коркутуп коюуну көздөгөнүн кошумчалады.

2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда абакта отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу Донбасстагы жикчилдердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абакка кескен. Кийин Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG