Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:05

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багында президент Сооронбай Жээнбеков катышкан ишембилик учурунда өткөн жылы жети миң көчөт отургузулганын билдирди.

Мэриянын балансында жалпы 248 миң бак-дарак бар.

Жээнбеков Албек Ибраимовго бак-дарактарды кыюу себептерин, жолдорду кеңейтүү же объекттерди куруу максатындабы шаар тургундарына алдын ала түшүндүрүү керектигин тапшырды.

Бишкекте активисттер бак-дарактарды кыюуга каршылык билдирип келет.

Алар бир кезде "жашыл шаар" атка конгон Бишкекте акыркы 25 жыл ичинде бак-дарак кескин азайып кеткенин, советтик доордо бир кишиге 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, азыр бул көрсөткүч 5 чарчы метрден ашпай калганын жүйө келтиришет.

Расмий маалыматка караганда, былтыр баш калаада 3000ге жакын бак-дарак кыйылган.

Бишкекте бүгүн жапырт ишембилик өттү. Премьер-министр Сапар Исаков да ботаникалык бакты тазалоо, көчөт отургузуу иштерине катышты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG