Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова «Үй-бүлө" кодексине өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү бул тууралуу 23-мартта Бишкекте өткөн «Кыздардын укуктарын коргойбуз, эрте никеге жол бербейбиз!» деп аталган талкууда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда секелектерди ала качуу, жаш балдарга карата зомбулук менен зордуктоо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштери экинчи тараптын арызынын негизинде жабылган учурлар бар:
- Бойго жетелек кыздар психологиялык жактан да, физикалык жактан да турмуш курууга даяр эмес. Ошондон улам, ден соолугу чектелген балдар төрөлүүдө. Карагылачы, балдар үйлөрү майып балдарга толуп кетти. Эгерде балдарга көрсөтүлгөн зомбулукка байланыштуу кылмыш иштери жабылып кала берсе, анда андай зомбулуктар улана берет, - деди Орозова.
ЮНИСЕФтин баяндамасында Кыргызстан эрте нике боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орунда экени белгиленген. (NT)