Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:49

Шабдан Баатыр көчөсүнүн аталышы качан өзгөртүлөрү белгисиз


Бишкек шаары.

Бишкек мэриясы Шабдан Баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөртүү боюнча шаардык кеңештин чечимин качан аткарары белгисиз. Шаар бийлиги бул тууралуу маалымат тарата элек.

Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектине чейинки бөлүгүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторийди бузган.

Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.

Аталган көчөнүн Чүйдөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аралыгы мурдагыдай аталышта кала берет.

Шабдан Баатыр көчөсү Кыргызстан эгемендик алганга чейин Алма-Ата деп аталчу. Мэрия көчөнү өзгөртүүгө 100 миң сомдун тегерегинде акча кетерин билдирүүдө. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG