Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Беларус: "Эркиндик күнүндө" оппозициялык активисттер кармалды


Беларус. 25-март, 2018-жыл.
Беларус. 25-март, 2018-жыл.

Беларустун баш калаасы Минск шаарында өлкөнүн эгемендигинин жүз жылдыгы белгиленген "Эркиндик күнүндө" ондогон жарандык активисттер кармалды.

"Азаттыктын" беларус кызматынын эсеби боюнча Минск шаарынын борборунда жүрүш өткөрүүнү көздөгөн 70тен ашык киши милицияга түштү.

Бийлик уруксат бербеген акцияны оппозиционер Николай Статкевич уюштурган. Анын тарапкерлери Беларустун башка шаарларында да кармалганы кабарланды.

Өлкөдөгү оппозициялык активисттер жыл сайын "Эркиндик күнүндө" нааразылык акциясын өткөрөт. Мындай акциялардын дээрлик баарында катышуучулар жапырт кармалып келген.

XS
SM
MD
LG