Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Карлес Пучдемон Германияда кармалды


Карлес Пучдемон
Карлес Пучдемон

Каталония автономиясынын мурдагы президенти Карлес Пучдемон 25-мартта Германияда кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын адвокаты Алонсо-Куэвилльс Твиттерге жазды.

Адвокаттын маалыматына караганда, ал Германия аркылуу Бельгияга бараткан. Мунун алдында Финляндияда болгон. Ошондо испан соту Пучдемонду кармоо тууралуу эл аралык ордерин кайра жандандырган эле.

Ага Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган референдумдан кийин кылмыш иши козголгон. Козголоң, жикчилдикке айыпталган саясатчы Испания сотуна өткөрүлүп берилсе, 25 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Пучдемон өткөн жылдын октябрында өлкөсүнөн чыгып кеткенден бери Бельгияда жашап жүрөт.

XS
SM
MD
LG