Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Кургак учукту дарылоого арналган жыйын болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-мартта Бишкекте боло турган жыйын "Кургак учук менин жашоомду кантип өзгөрттү?" деп аталат.

Ага кыргыз өкмөтүнөн, Жогорку Кеңештен, эл аралык уюмдардан жана жарандык коомчулуктан өкүлдөр катышат. Жыйында Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөштүн абалы, коркунучтуу илдеттин жайылып кетишинин алдын алуу жана башка маселелер тууралуу сөз болот. Иш-чара кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган бир айлык акциянын алкагында өтүп жатат.

Былтыркы жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда кургак учукту жугузуп алгандар азайганы белгилүү болгон. 2017-жылы 2 миң 540 кишиге биринчи жолу ушундай диагноз коюлуп, бул көрсөткүч 2016-жылдагыдан 44 кишиге азайган.

Расмий маалымат боюнча, 2011-жылы 100 миң баланын ичинен 84ү кургак учукка чалдыкса, 2017-жылдагы эсеп боюнча бул көрсөткүч 20 балага жетти.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тышкы жана ички миграция кургак учукту көзөмөлдөөгө тоскоолдук кылган факторлордун бири экенин билдирген. Ал ошондой эле эпидемиологиялык абал оңолуп келе жатканы менен кургак учукка чалдыккандар, андан каза болгондор боюнча кырдаал оор экенин белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG