Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 09:29

Кемереводо өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


"Зимняя вишня" соода борборундагы өрт. 25-март, 2018-жыл.

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда 25-мартта чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогун Новосибирск шаарындагы вице-консулдук тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 640 миң кыргызстандык жаран иштейт.

25-мартта оюн-зоок, соода борборунда тутанган өрт 1,5 миң чарчы метрди каптаган. Акыркы маалымат боюнча, өрттөн набыт болгондордун саны 37 адам. Ал эми 69 адам жабыркаганы, анын ичинде 40 бала бар экени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG