Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

“Дарыгердин көз карашы” реалити-шоусу тартыла баштайт


Долбоордун автору Элзар Токтоназаров жана саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Долбоордун автору Элзар Токтоназаров жана саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Кыргызстандагы жаш дарыгерлердин биримдиги жана “KG дарыгерлер” уюму “Дарыгердин көз карашы” аттуу реалити-шоу чыгарганы жатышат.

Авторлор Кыргызстандын медицина тармагындагы орчундуу маселелерди көтөрүп чыгышат. Долбоордун автору Элзар Токтоназаров көрсөтүү негизинен оорунун алдын алууну калкка үйрөтүүгө багытталганын билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи сезондо 24 серия бир ай ичинде тартылат. Ар бир серия 17 мүнөттөн болуп, пластикалык хирургдун, стоматологдун, гинекологдун, психиатрдын, үй-бүлөлүк дарыгердин, хирургдун, жугуштуу оорулар боюнча адистердин кеп-кеңештерин камтыйт. (BCh)

XS
SM
MD
LG