Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:33

ТИМ: Кемероводогу өрттө каза тапкан кыргызстандыктар жок


"Зимняя вишня" соода борбору. 25-март, 2018-жыл.
"Зимняя вишня" соода борбору. 25-март, 2018-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына таянып билдиргенине караганда, Кемероводогу өрттөн каза тапкан жана жабыркаган адамдардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда курмандыктардын аты-жөнүн жана жарандыгын тактоо уланууда.

25-мартта Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн өлгөндөрдүн саны 48ге жеткенин Орусиянын Тергөө комитети ТАСС маалымат агенттигине ырастады.

Андан мурда дайынсыз жоголгондордун саны 69, алардын 40ка жакыны балдар деген кабар тараган. Бирок өрт курмандыктарынын саны тууралуу маалыматтар улам өзгөрүп жатат.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. 1500 чарчы метрден көп аянтты өрт алгандыктан курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал деген чочулоо бар.

Өрт шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Ага эмне себеп болгону айтыла элек.

XS
SM
MD
LG