Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кемероводогу өрт: Мен бакырып, ыйлап жүрдүм...


Орусиянын Тергөө комитети Кемероводогу өрттө өлгөндөрдүн саны 64кө жеткенин ырастады.

Соңку сааттарда курман болгондор тууралуу жүрөк үшүткөн кабарлар көбөйүүдө.

Бери дегенде 64 адам өлүп, 80ден ашуун адам жарадар болгону кабарланууда. 11 адам дайынсыз жок.

Кемероводогу “Кышкы алча” – "Зимняя вишня” соода борборундагы жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнкү өрттүн натыйжасы ушундай болду. Тилсиз жоону түн ортосунда гана өчүрүштү, каза болгондорду издөө дуйшөмбүдө да улантылууда.

Күбөлөрдүн айтуусунда, өрт чыкканда соода борборунун өрттү автоматтык түрдө өчүрө турган, кырсыкты кабарлоочу чуулдаган сирена системалары иштебей, килейген имараттын ичиндеги эл далайга чейин андан кабарсыз калган.

Кемерово: өрткө байланыштуу төрт адам сурак берип жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Видео жазууларда жалынга чулганган имараттын ичинен чыгыш үчүн адамдар эшиктерди ачууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, бир нече адам өрттөн качып айнектерден секирген.

Кемеровонун “Кышкы алча” – “Зимняя вишня” Ленин проспекти, 35 дарегинде жайгашкан соода-оюн-зоок борборундагы өрт Москва убактысы боюнча түш ченде (жергиликтүү убакыт боюнча 16:00) башталган. Жалын балдардын оюн-зоок борбору, муз аянты жана үч залдуу кинотеатр жайгашкан 4-кабаттан тутанган.

От 1500 чарчы метрди каптаган. Анын натыйжасында бир нече сааттардан кийин имараттын ортосундагы 1200 чарчы метрге үйдүн чатыры кулап, үчүнчү, төртүнчү кабаттардын торсундары кулап түшкөн. Шаардын ыкчам кызматтары соода борборунан 200гө жакын кишини алып чыгышкан. Татаалдыгы жагынан өрткө үчүнчү – эң оор деңгээл берилген.

Соода борборундагы өрттү өчүрүү имараттын дубалдарынын ортосундагы жылуулоочу материалдар жалбырттап күйгөнүнөн улам кыйынчылыкка учураганын ӨКМдин аймактык борборунун өкүлү ырастаганын РБК агенттиги билдирди.

"Алгачкы версия - балдардын бирөөнүн жанында оттугу болгон. Жалын батут бассейниндеги поролондон чыккан, андан дүрт этип жалын тутанган ", - деп Кемерово облусунун вице-губернатору Владимир Чернов билдиргенин "Интерфакс" агенттиги жазды.

ӨКМдин аймактык борборуна таянып РБКнын маалымдаганы боюнча, өрттүн чыгышына балдар аттракционундагы электр тогунун бузулушу себеп болгон.

Кемерово, 26-март
Кемерово, 26-март

Кемеровонун жашоочусу Оксана Соколова өрт башталганда соода борборунда болчу. Ал үчүнчү кабаттагы эмерек салонунда стажировкадан өтүп жүргөн. Өрт тууралуу билгендерин ал "Сибирь. Реалии" агенттигинин кабарчысына айтып берген:

– Жаңылбасам, бул имараттын турганына 70 жыл болду окшойт. Мурда ал жер кондитердик фабрика эле. Жалын төртүнчү, үстүңкү кабаттан чыккан, ал жерде кинотеатр жана оюн автоматтары бар. Менин билишимче имарат толугу менен күйдү, азыр да түтөп турат. Өрт саат төрттөргө жакын, бешке жакын башталыптыр. Мен үчүнчү кабаттагы эмерек бөлүмүндө стажер болуп иштеп жаткам, кардарларды күтүп кыздар менен турганбыз, анан да тапырап качып бараткан кишилерди көрдүк. Биздин жаныбызда “Балдар дүйнөсү” - "Детский мир" бөлүмү, алгач кимдир-бирөөлөр буюм уурдап, артынан сатуучулар менен кароолчулар кууп баратышканбы деп ойлодук, анан түшүндүк. Биз да колго илинген буюмдарыбызды алып качып чыктык, чыгып атканыбызда биздин бөлүм түтүнгө толуп чыкты. Буга чейин эскалаторлорду токтотконго жетише элек экен. Жалын ушунчалык тез каптап, мен эмне күйүп жатканын деле билбей калдым, өрт төртүнчү кабатта экенин гана билип калдым. Мүмкүн электр зымы болсо керек. Имарат аябай эле эски, аны акыркы жолу качан текшеришкенин деле билбейм. Баарын пластик менен чаптап коюшкан, биздин салондогу эмеректер болсо жыгачтан жасалган, катарыбызда кичинекей парфюмерия бөлүмү, чачтарачка керек товарлар сатчу дүкөн - мунун баары химия, кийимдер, баары жалбырт этип тез күйүп кетчү буюмдар.

- Ичкериде болжол менен канча киши бар эле?

- Канча экенин билбейм, бирок адамдар көп болчу. Ал жерде азык-түлүк дүкөндөрү бар эле, тиричилик техникасы, оюнчуктар, уюктук техника жана кийимдер сатылчу. Көчөгө качып чыккандан кийин үчүнчү кабатты каптаган жалынды көрдүм, кыязы биздин бөлүм күйүп жаткан болуш керек. Мени менен мурда иштеген бирөөнүн таанышы ӨКМде иштейт экен, ал "кинотеатрда 86 киши түтүнгө ууланыптыр" деп айтыптыр, ушундай балээ болду. Уккандарым чын же жалган экенин билбейм.

- Сигнализация иштедиби, имараттын ичиндеги радио өрттү кабарладыбы?

- Жок, эч кандай кабар болгон жок. Адамдар көрүп алып эле качып чыгышты. Биз качып чыккандан кийин өрт чыккан имаратка ӨКМ кызматы келди, жолдорду тосту. Анткени бул шаардын борбору, кең көчө. Көп жол тарамдары бар, трамвайлар. Баарын тез эле жабышты, "Тез жардам", полиция заматта келди. Биздин башчыбыз келди, ал аял баарыбызды "үйүңөргө кете бергиле" деди. Адамдардын айнектерден секиргенин мен көргөн жокмун. Кийин мага курбу кызым видео жөнөтүптүр, кээ бирөөлөр үйдүн чатырына чыга баштаптыр, бир жаш бала айнектен кулап түшкөнүн. Ал жердегилердин баары тирүүлөй эле күйүп кетиштиби деп калдым. 3-кабаттагы зоопарктагы жаныбарлардын баары жок болду.

Оюн-зоок борборундагы өрттөн 3-кабаттагы 200 жаныбар жок болушу мүмкүн. Мындай маалыматты ТАСС агенттигине зоопарктын директору Евгений Видеман билдирген.

- Менимче алар түтүнгө ууланып өлдү окшойт. Мен аягында чыктым, зоопаркта бир да киши калган эмес... Үчүнчү кабатты коюу кара түтүн каптап, үрөйү учкан адамдар түртүшүп эки тараптагы тепкичтер аркылуу төмөн түшүп жатышты. Мен эшикти азыраак жаап койдум, жаныбарларды сактап, жетелеп чыгыш үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок, - деп айтты Видеман.

Прокуратуранын чөлкөм боюнча расмий өкүлү Елена Тушкевич "Сибирь. Реалиинин" кабарчысына өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ал эми Орусиянын ӨКМнин басма сөз кызматы окуя болгон жерге бир нече бөлүмдөрү жөнөтүлгөнүн билдирген.

- Өрт өчүргүчтөр келгенде уюлгуган кара түтүн чыгып, бирок жалын кайсы жерде экени байкалган эмес. 100 адам сыртка чыгарылып, дагы 20 адам куткарылган. Азыр өрт болуп жаткан жерде ӨКМдин 288 кызматкери жана 62 техникасы иштеп жатат. Өрттү өчүрүүгө дубал ортосуна коюлган тез күйчү жылуулагычтар тоскоол болууда.

ӨКМдин Сибирь аймактык борбору Кемерового өрттү өчүрүш үчүн кошумча күчтөрдү, анын ичинде авиацияны: МИ-8 тик учактарын жана транспорттук учактарды жөнөтүүгө камданып жатканын билдирген.

Мектеп окуучусу Арина өрт кантип башталганын көрүп калган.

– Курбу кызымдын туулган күнүн белгилеп, 4-кабатта болчубуз. Тамак ичип, торт жеп жатканбыз, ошол жерден бир киши “Өрт!” деп кыйкырып жиберди. Ал жерде баллон бар болчу, ошол күйүп, жалын кездемеден жасалган оюнчуктарды каптады. Мен рюкзагымды алганга гана үлгүрдүм. Баары заматта эмне болгонун түшүнүп, качып чыктык, түртүшкөндөр болгон жок, жарык өчтү, электр жарыгы жок болчу. Мен бакырып ыйлап жүрдүм. Курбу кызым Ульянанын апасы мага кийимин берди.

Кемероводогу кинотеатрдын күндузгү сеансында Кемеров облусунун Трещевский шаарчасынан келген 12 жашар мектеп окуучулары болгон.

Мектеп окуучуларынын каникулунун урматына аларды балдар борборуна алып барышкан. Өрт башталганда балдар өз жакындарына телефон чалып, алар менен коштошо баштаган. Балдарды класс жетекчиси менен ата-энелердин экөө ээрчитип жүргөн. Алар өрттөнүп аткан имараттан чыгууга үлгүрүшкөн, анткени балдар менен чогуу кино көрбөй, соода залдарын кыдырып жүрүшкөн.

​Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги курман болгондор жана жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жоктугун маалымдады.

Маалыматтарда "Зимняя вишня" соода борбору 2013-жылы ачылганы, жалпы аянты 23 миң квадрат метр болгону айтылууда. Соода борборунун кожоюну жана кызматкерлери сурак берүүдө.

Өрт кырсыгы боюнча Тергөө комитети үч берене боюнча кылмыш ишин козгоду – этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү, өрт коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан эки же андан көп адамдардын өлүмүнө алып келүү, коопсуздук эрежелерине жооп бербеген кызмат көрсөтүү.

Орусиянын президенти Путин кырсыкта каза тапкандарын жакындарына көңүл айтты.

"Владимир Путин өрттөн каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейт. Болгон окуя тууралуу бардык маалыматтар өзгөчө кырдаал министри Владимир Пучковдун жана облус губернатору Аман Тулеевдин докладдарында президентке жеткирилди", - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Кемерово облусунда чукул кырдаал тартиби киргизилди. Томск, Красноярск, Новосибирск жана Москвадан куткаруучулар келип жатат.

“Кышкы алча” – Зимняя вишня” соода борборундагы өрттө Кузбасстын жетекчиси Аман Түлөевдин тууганынын 11 жаштагы кызы да набыт болду. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине Кемеров облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG