Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

Уурдалган акчаны уурдаган милиционерлерге кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Чүй облусунун Жайыл жана Аламүдүн райондук криминалдык милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта милиция кызматкерлери чоң суммадагы акча уурдоо фактысы боюнча иликтөөдө кызматтык абалынан аша чапканы айтылат.

Маалыматка караганда, 18-февралда Аламүдүн жана Жайыл райондук милиция кызматкерлери акча уурдоого шектүү кишини кармап, аны акчаны кайда жашырганын көрсөтүп берүүгө мажбурлаган. Андан кийин райондук милициянын ыкчам тергөө тобу келгенге чейин 39 миң долларды алып коюшкан. Факт боюнча Башкы прокуратура 16-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 304 ( "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 305 ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу") беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө милиция кызматкерлери жарандардын укуктарын коргоонун ордуна өздөрү кылмыш кылып, акча алган учурлар биринчи жолку эместиги белгиленген. Ушундай эле шек менен Ош шаардык милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши ачылганы маалым болду.

Быйыл 16-январда Ош шаардык милиция кызматкерлери карактоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Кара-Кулжа районунун жашоочуларынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, чоң суммадагы акча табышкан. Тергөө жүрүшүндө протоколго 1 миллион 740 миң сом кошулбай, жаап-жашырылганы аныкталган. Мындан тышкары тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн биринин тааныш кызын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында мыйзамсыз кармап, өздөрүнүн акча алганын жашырган көрсөтмө алууну каалаган. Шектүү мындай көрсөтмө берүүгө макул болгондон кийин гана кызды кое беришкен. Бул кылмыш иштери УКМКга өткөрүлүп берилди. (NT)

XS
SM
MD
LG