Норвегияда баш калкалап жүргөн өзбекстандык активист Аманбай Сагидуллаев бир тууганы Жумабай Сагидуллаевдин Кыргызстанда кармалышы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, Өзбекстандын "саясий буйругу" деп атады:
- Менин саясий ишиме байланыштуу туугандарымды, ага-инилеримди, эже-карындаштарымды Өзбекстандын УКМКсы кодулап жатат. 1965-жылы туулган Гүлхан Сагидуллаеваны, 1969-жылы туулган Айымкан Сагидуллаеваны эки жолу соттоп, 29 миллион сум, 35 миллион сум айыппул салды. Азыр да иним Жумабайга Өзбекстанга "320 миллион сум карызы бар" деп саясий кылмыш ишин ачып коюптур. Мунун баары жалган. Ал Өзбекстандан насыя да алган эмес, мамлекеттик кызматтарда да иштеген жок. Болгону мал багып жүргөн. Саясатты түшүнчү эмес. Карызы жоктугу тууралуу маалымкаттарды көрсөткөнүнө карабай, Кыргызстанда кармалып, суракка алынышы - Өзбекстандын саясий буйругу деп билем. Анткени мен Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунда Каракалпакстан Республикасын өз алдынча мамлекет катары каттоону сурап, кат жазгам. Тилеккке каршы, Өзбекстан Каракалпакстандын өз алдынча болушуна жол бербей жатат.
Аманбай Сагидуллаев "Алга, Каракалпакстан! Республиканын эгемендиги үчүн" кыймылынын лидери. Анын иниси, үч жылдан бери Кыргызстанда убактылуу жашап келген 48 жаштагы Жумабай Сагидуллаевди милиция 22-мартта кармап кеткенин "Кылым шамы" укук коргоо уюму билдирген.
Ички иштер министрлиги Сагидуллаев боюнча комментарий бере элек. (NT)