Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин агасы Уланбек Момуналиев бир тууганынын Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдогон "Аймар Энержи" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешеси жоктугун билдирди.
Инисинин УКМКга суракка чакырылганы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Уланбек Момуналиев "Компанияга эч кимибиздин тиешебиз жок. Менин да тиешем жок. Мындай маалыматтарды Интернеттен окуп таң калып жатам" деп айтты.
Бүгүн УКМК Нурханбек Момуналиев Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандарын ремонттош үчүн тендер өткөрүү фактысы боюнча суракка чакырылганын кабарлаган. Оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзгөн "Аймар Энержи" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы экенин билдирген.
УКМК буга чейин ЖЭБди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактылары аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши ачылганын жарыялаган.
Нурханбек Момуналиев быйыл 12-мартта өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматынан алынган. (NT)