Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:25

ЖЭБдеги тендер боюнча Момуналиев суракка чакырылды


Нурханбек Момуналиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди 22-мартта суракка чакырганы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, Момуналиевдин суракка чакырылышы Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандарын ремонттош үчүн тендер өткөрүү фактысы менен байланыштуу:

- 2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын жылуулук сезонуна даярдык көрүү жана ремонт иштеринин алкагында, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн келишим түзгөн "Аймар Энержи" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болуп эсептелгендиктен суракка чакырылды.

УКМК буга чейин ЖЭБди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактылары аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши ачылганын билдирген. ЖЭБдин ишин көзөмөлдөгөн "Электр станциялары" ачык акционердик коому от казандарды ремонттош үчүн жасалма тендер өткөргөнү кабарланган.

Нурханбек Момуналиев 2012-жылы Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. 2012-2016-жылдарда өкмөт аппаратына жетекчи болуп дайындалган. 2016-жылдын апрелинде кайрадан Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматына коюлуп, 2017-жылдын жайында өкмөт аппаратынын башчылыгына кайра келген. Быйыл 12-мартта президент Сооронбай Жээнбеков аны өз арызынын негизинде кызматтан алганы расмий айтылган.

Ал "Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу бошотулган жокпу?" деген суроо ачык калган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG