Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Кемероводо өрттүн курмандыктарынын саны 60тан ашты, 11 киши дайынсыз


Кемеродово кырсыктын курмандыктарын эскеришүүдө, 25.03.2018
Кемеродово кырсыктын курмандыктарын эскеришүүдө, 25.03.2018

Кемерово шаарындагы “Зимняя вишня” деп аталган соода борборунда чыккан өрттөн такталган маалымат боюнча 64 кишинин өмүрү кыйылды. 11 кишинин дайыны белгисиз. Буга чейин дайынсыздардын арасында делген беш киши табылганын полиция билдирди. Алар кырсык болгон маалда башка жерде жүрүшкөн.

"Тилекке каршы 64 киши өлгөнүн билдиребиз" деди өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков 26-мартта. Алардын арасында балдар дагы бар экени белгилүү болду.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар боюнча ыкчам штабдан билдиришти. Тергөө комитети 44 киши жабыркап, алардын ону ооруканада экенин ырастады. Эки кишинин, анын ичинде бир баланын абалы оор.

Маркумдардын зыйнаты облустук бюджеттин эсебинен өткөрүлүп, үй бүлөлөрүнө миллион рублден берилерин Кемеровонун губернатору Аман Тулеев билдирди. Бул кырсыкта анын 11 жаштагы тууганы каза тапты.

Ыкчам штаб соода борборунда 25-марттын кечинде башталган өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, калдыктардан тазалоо башталганын билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар соода борборунун бардык имараттарын текшерип чыгышты.

Соода борборунда өрт эмнеден чыкканы белгисиз, төрт киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG