Өзбекстандын баш калаасындагы эл аралык конференцияга 20дан ашуун өлкөнүн, анын ичинде АКШнын, Евробиримдик өлкөлөрүнүн, Пакистандын, Ирандын, Кытайдын, Орусиянын жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин өкүлдөрү катышары кабарланган.
Конференцияда Ооганстандагы тынчтык жараяны, терроризм жана баңгизатка каршы күрөш, ошондой эле аймактагы кызматташтык талкууланат. Ташкенттеги иш-чара 28-февралда ооган президенти Ашраф Ганинин талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн эч кандай шарт койбостон баштоону сунуш кылган демилгесинен кийин өтүп жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон конференцияга катышып, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен да жолугат. Вашингтондун өкүлүнүн бул аймактагы сапары үч күнгө уланат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө Ташкенттеги иш-чара «Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Кабул конференциясында жетишилгендерге эл аралык колдоо» деп айтылат.
Өзбек лидеринин демилгеси менен өтүп жаткан конференция "тынчтык жараяны, коопсуздук жаатында кызматташуу жана аймактагы кызматташтык" деп аталат.