Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Ошто бир айлык небересин сатууну көздөгөн аял кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ош шаарында бир айга толо элек небересин сатууну көздөгөн аял кармалды.

22-мартта милиция кызматкерлери ал Ош облусунун 59 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал ымыркайды сатыш үчүн Ош шаарында 20 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголду. Небересин сатууну көздөгөн аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда.

Милиция кызматкерлери ымыркайды социалдык адистерге өткөрүп бергени кабарланды.

XS
SM
MD
LG