Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Өзбек бийлиги Ташкенттеги «Таштүрмөнү» бузууга буйрук берди


Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы жаңы түрмө (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы жаңы түрмө (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Ташкентте жайгашкан эл арасында «Таштүрмө» деп таанылган мурдагы №1 тергөө изоляторун үч айдын ичинде бузууга буйрук берилди. Юстиция министрлигинин 22-марттагы чечимине ылайык мурдагы түрмөнүн ордуна парк пайда болот.

«Азаттыктын» өзбек кызматы жыл башында "Таштүрмөдө» кармалгандардын бардыгы тең Ташкент облусундагы Заңги-Ата районундагы жаңы абакка которулганын кабалаган.

Жаңы тергөө абагы сегиз блоктон турган жылдызча формасындагы имарат. Анын долбоорунда климаттык, санитардык, коопсуздук шарттары эске алынганы расмий маалыматта айтылат.

Эки жыл мурун "Amnesty International" уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Өзбекстанда эң көп жана адам чыдагыс кыйноолор колдонулуп келаткан жабык жайлардын сап башында “Таштүрмө” жана Улуттук коопсуздук кызматынын Каракалпакстанда жайгашкан “Жаслык” түрмөлөрү турган.

"Таштүрмө" 1891-жылы Орус падышалыгынын генерал-губернаторунун буйругу менен курулган.

XS
SM
MD
LG