Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:41

Түркмөнстан: шайлоочулардын 90% көбү добуш берди


Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого катышкан аялдар. 25-март, 2018-жыл.

Өлкөнүн бийлиги жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо жарандардын 91,7% добуш берүүгө катышканын жарыялады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашгабаддагы өз булактарына таянып, шайлоо күнү элдин жигердүүлүгү анча сезилбегенин, 10-15 мүнөттө бирден киши добуш берип жатканын көрүшкөнүн жазды.

Мыйзам чыгаруучу эң жогорку орган Межлисте 125 орун бар. Ага үч партия - Демократиялык, Агрардык жана Ишкерлер менен өндүрүшчүлөрдүн партиялары катышты. Алардан жалпы 168 талапкер чыкса, жарандар тобу 116 талапкер көрсөткөн.

Талапкерлердин арасында президенттин уулу, 36 жаштагы Сердар Бердымухамедов дагы бар. Соңку кезде парламент депутаты Бердымухамедов Түркмөнстандын расмий делегациясынын курамында эл аралык жана расмий иш-чараларга көп аралашууда. Бир катар байкоочулар аны бийлик мураскору катары карай башташты.

Эл аралык "Фридом Хаус" уюму Түркмөнстанды адамдардын саясий жана жарандык укуктары катуу чектелген дүйнөдөгү 12 өлкөнүн бири деп тааныган.

XS
SM
MD
LG