Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Евробиримдик жана АКШ орус дипломаттарын чыгарат


Вашингтондогу Орусиянын элчилиги
Вашингтондогу Орусиянын элчилиги

Германия мурунку орус тыңчысы менен анын кызынын Англияда ууландырылышына жооп чара катары Орусиянын төрт дипломатын чыгарарын немистердин медиа каражаттары жазышты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Хайко Маас орусиялыктарга чыгып кетүүгө бир апта берилерин билдирди.

Бүгүн Франция, Дания, Латвия, Польша жана Чехия дагы орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгара турганын жарыялашты.

АКШ президенти Дональд Трамп ондогон орусиялык “чалгын кызматкерлерин” өз аймагынан чыгарып жана Орусиянын Сиэтлдеги консулдук өкүлчүлүгүн жабууга буйрук берди. Маалымат каражаттары чыгарыла турган орусиялыктардын саны 60тай экенин жазышты.

Бүгүн Балтика өлкөлөрү менен Польша дагы Орусиянын элчилерин чакыртты.

Өткөн аптада Брюсселдеги саммитте лидерлер Евробиримдиктин Москвадагы элчиси, немис дипломаты Маркус Эдерерди кеңешүү үчүн чакыртууну чечишти. Англияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча Евробиримдик Британияга тилектештик билдирип, Орусияга каршы чара көрүүнү макулдашты.

XS
SM
MD
LG