Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:08

Бээжин Вашингтон менен соодадагы келишпестик боюнча сүйлөшүүгө даяр


АКШ президенти Доналд Трамп Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарларды импорттону чектеген жарлыкка кол койду, 22.03.2018

Бээжин АКШ менен Кытай ортосунда жаралган соодадагы пикир келишпестик боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө билдирди.

"Соода согушу" чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар АКШ президенти Доналд Трамп Кытайлык товарлардын өз өлкөсүнө импорттолушун чектөөгө көрсөтмө берген жарлыкка кол койгондон тарта башталган.

Вашингтон муну "Кытай интеллектуалдык менчикти уурдап келатканы" менен түшүндүргөн.

Ак үйдүн эсебинде, жогорулатылган бажы тарифтери Кытайдын 60 миллиард долларлык товарына киргизилет.

2017-жылы эки өлкөнүн бир жылдык соодасынын көлөмү, америкалык статистикага караганда, 636 миллиард долларга жакындаган.

Америка тарап Кытайга каршы соода чектөөлөрүнө даярданууда эки өлкө ортосундагы 1974-жылкы соода келишимдин 304-беренесин колдонуп жаткан кези.

XS
SM
MD
LG