Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Райан: АКШ Орусиянын кылганына “жараша” жооп берди


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан. 26-март, 2018-жыл.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан. 26-март, 2018-жыл.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан президент Трамптын орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Сиэтлдеги Орусиянын консулдук өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу чечимин колдойт. Саясатчы мындай кадамды Орусиянын жасаганына “жараша” жооп деп, Британияга тилектештигин билдирди.

Райан дүйшөмбүдө "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине келип, “Настоящее время” телеканалына берген интервьюда Орусияга каршы санкцияларды, анын ичинде Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген “олигархтарга” каршы финансылык санкцияларды киргизүүнү колдойт.

Ошол эле учурда ал орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын "санкциялар Орусиянын калкына эмес, Путиндин чөйрөсүнө каршы багытталышы керек" деген оюн туура көрөт.

Ал ошондой эле Чехиядагы сапарында чех бийлик өкүлдөрү менен орусиялык хакер Евгений Никулинди Прагадан АКШга экстрадициялоону сүйлөшкөнүн билдирди. Москва өз жаранын Орусияга экстрадициялоонун аракетин көрүп жатат.

Республикачыл Райан Трамптын администрациясынын Орусияга карата тышкы саясатын Барак Обаманын убагына салыштырганда «жеткилең» деп баалады. Саясатчынын айтымында, Орусия АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү демократиялык процесстерге аралашпашы керек экенин түшүнүшү керек.

XS
SM
MD
LG