Орусиянын президенти Владимир Путиндин иш тартибинде соода борборундагы өрттөн 64 киши өлүп, 50дөй адам жабыркаган Кемерово шаарына баруу каралган эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Кремл ошондой эле Кемероводогу трагедияга байланыштуу өлкө боюнча аза күтүү жарыялайбы же жокпу комментарий берген жок.
Кемерово облусунда 27-марттан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
“Орусиянын президенти жана анын администрациясы Кемероводогу өрттө курман болгондордун жакындарына көңүл айтат” деген Песков Кремлде маданияттын жаш ишмерлерин сыйлоо аземи башка күнгө жылдырылганын кошумчалады.
Кемеровонун соода борборундагы өрттө өмүрү кыйылгандардын жакындарына бир катар өлкөлөрдүн лидерлери көңүл айтышты.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы президент Путинге көңүл айтып, телеграмма жиберди.
Кемерово шаарындагы “Зимняя вишня” деп аталган соода борборунда чыккан өрттөн такталган маалымат боюнча 64 кишинин өмүрү кыйылды. Тергөө комитети 44 киши жабыркап, алардын ону ооруканада экенин ырастады. Эки кишинин, анын ичинде бир баланын абалы оор.