Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Ажатканага түшүп кеткен "Айфонду" алмак болуп үч киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган облусунда ажатканага түшүп кеткен "Айфонду" чыгарып алууга аракет кылган үч киши каза болду. Окуя 25-мартта Поп районундагы үйлөрдүн биринде болгонун өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

Телефон аппаратын алып чыгыш үчүн 32 жаштагы тургун белине жип байлап, аңгекке түшкөн. Бирок уулуу истен улам эсин жоготкон. Аны куткарам деген 33 жаштагы коңшусу да эстен танган. Аларга жардам берип жаткан 62 жаштагы үй ээси да иске ууланган. Куткаруучулар келгенде эки киши каза болгону аныкталган. Аксакал ооруканада көз жумган.

2017-жылы Наманган облусунун Янгикурган районунда да дааратканага түшүп кеткен "Самсунг" телефонун алып чыгам деген үч киши жашоо менен кош айтышкан.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай учурда адистерди чакыруу керектигин эскертип келет.

XS
SM
MD
LG